icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги, Чүй облусундагы курулуп жаткан социалдык объектилердин абалын текшерүүдө

2024-жылдын 31-март күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлары Самат Джантелиев, Бакай Турдугулов, Бактыяр Станбеков Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй райондоруна болгон жумушчу сапарынын алкагында, социялдык объектилердин абалы менен таанышышты.

Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү объектилерге барышты:

1. Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылынын 100 орундуу Бала бакчасы.

2. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 120 орундуу Бала бакчасы.

3. Чүй облусунун Чүй районундагы Кошой айылынын 225 орундуу орто мектеби.

4. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын орто мектебинин Спорт комплекси.

5. Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылынын Спорт комплекси

6. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Уч-Эмчек айылынын Спорт комплекси.

Социалдык объектилердин курулуш иштери менен таанышып чыгып, Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Кожоев Рустамга курулуштун сапаты мыкты болуусун, тездетип бүтүрүүсүн талап кылышып, курулушка тиешелүү тапшырмалар берилди.