icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Өзгөн районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

2024-жылдын 2-апрель күнү,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кадрдык реформаны жүргүзүү иш аракетинин алкагында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалы.

Жаңы дайындалган жетекчи Салиев Акылбек Калмаматовичти эмгек жамаатка Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Азамат тааныштырды.

Жаңы дайындалган жетекчиге Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан райондун курулуш чөйрөсүн ирээтке келтирүү, аймактын инфраструктурасынын жакшырышына изденүү менен талыкпай кызмат кылуу тапшырмасы коюлган.