icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Кадыкеев Тилек Жекшенбаевич  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тилек Кадыкеев көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Курулуш башкармалыгынын башкы адиси кызматын аркалап келген.