icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек ш., Герцена көч. 1/1 – Чуйкова көч. дарегиндеги курулушунун мыйзамдуулугу боюнча маалымат

Бишкек шаары боюнча мамлекттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы (мындан ары-Башкармалык) Бишкек ш., Герцена көч. 1/1 – Чуйкова көч. дарегиндеги курулушунун мыйзамдуулугу боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

2023-жылдын 25-декабрындагы №00-1-1-699-23 “10 кабаттуу жайлары бар турак үйлөр имараттар жана дүкөндөр Герцен көчөсү, 1/1- Чуйков көчөсүнүн мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун негизинде 2023-жылдын 27-декабрындагы №350-С сандуу номери менен Башкармалыктын курулуп жаткан объектилеринин реестрине киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн  даректеги объектинин тапшырыкчысы Сатыбалдиев Э.Э. ал эми куруучу - “Модуль Строй” ЖЧКсы болуп саналат.

Сатыбалдиев Э.Э. төмөнкү долбоордук-уруксат берүүчү документтерге ээ:

-2021-жылдын 23-июнундагы №15233 долбоорун түзүү үчүн архитектуралык пландоо шарттары;

-2023-жылдын 4-декабрындагы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы менен макулдашылган долбоордук документтер;

-2023-жылдын 20-декабрындагы №538 Бишкек шаары боюнча ӨКМнын долбоордук документтердин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө корутундусу;

 -2020-жылдын 24-ноябрындагы №088396 жер участогунун убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө Күбөлүгү;

Белгилей кетсек, Башкармалык азыркы учурда жогоруда аталган даректеги курулуш жеңил металл тосмо менен курчалып, курулуш иштери башталып жаткандыгын билдирет.