icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Боом капчыгайында тоо бетине түшүрүлгөн желекти сырдап, жаңыртуу иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 6-апрель күнү Боом капчыгайындагы тоо бетине түшүрүлгөн желек сырдалып, жаңыртылды. Аны Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ошондой эле Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектура көзөмөл кызматынын адистери менен биргеликте ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликтин жүрүшүндө жол боюндагы таштандыларды жыйнап, тоо бетин тазалашты. Анда архитекторлар өзгөртүлгөн тууну боёп көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.