icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Д.ӨМҮРЗАКОВ АТЫНДАГЫ СТАДИОНДУН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫН ПЛАНДОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 8-апрель күнү борбор калаабыздын Д.Өмүрзаков стадионунун аймагында Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен стадионду реконструкциялоо маселеси боюнча жолугушуу орун алды.

Жолугушууга КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Бегалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, андан сырткары аталган агенттиктин өкүлдөрү Ислан Момоконов, Канат Канболотов, Д. Бапышев катышышты.

Жолугушуунун катышуучулары стадиондун аймагын текшерип, келечектеги бул инфратүзүмдүн капиталдык реконструкциясы боюнча маселесин талкуулашты. Анда КФБ өкүлдөрү ФИФА жана АФК стадиондорго болгон талабы тууралуу маалыматын жеткиришти. 

Курулуш боюнча агенттик жакынкы маалда реконструкциянын эскиздик долбоорун сунушташат. Пландалган иштердин алкагында спорттук аренанын трибунасы, жарыктандандыруусу жана оюн талаасынын суугаруу системалары жаңыланып, табло, трибуналардын алдындагы бөлмөлөр, стадиондун кириштериндеги турникеттер оңдолот. 

Реконструкция жана оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айынын биринчи бөлүгүндө старт алып, сентябрь айынын башында аяктайт. КФБ бул иштерде өзүнүн консультативдик көмөгүн көргөзөт.