icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги тарабынан "Евроазия строй Групп" ЖЧКсына айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин, Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылында “Евроазия Строй Групп” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан 5 кабаттуу турак үйдүн курулушуна этаптык билдирүүнүн негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган курулуш компания Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-февралындагы №95 токтому менен бекитилген жобонун 21-пунктуна ылайык, аткарылган иштердин долбоордук чечимдерге, техникалык регламенттерге, курулуш нормаларын, эрежелерин жана имараттардын бекемдигин, коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана пайдалануудагы ишеничтүүлүгүн камсыз кылууга тийиштүү башка нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүсүн бузуп, долбоордон четтеп кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пункту менен 200000 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Мындан сырткары техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзам талаптарын бузган кызматкерге ушул кодекстин 147-беренесинин 1-пункту менен 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, жазма буйрук берилди.