icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

И. Сарыгулов көчөсүн иретке келтирүү максатында эскиздик долбоор иштелип чыкты

Талас шаарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, калаа тургундарына  жана конокторуна жагымдуу шарт түзүү максатында И. Сарыгулов көчөсүн Ч. Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгын заманбап талаптарга келтирүү үчүн  атайын эскиздик долбоор иштелип чыкты. Аталган долбоор КР Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык  шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан   даярдалып, Талас шаарынын мэриясынын кароосуна сунушталды.