icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мектептерди сапатсыз салган куруучуларга эскертүүлөр берилүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында "Бек-Курулуш"жоопкерчилиги чектелген коомунун (директор- Атамбекова Г.Ш) тарабынан курулуп жаткан  375 орундуу мектебине текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында салынып жаткан мектептин бир катар кемчиликтери аныкталды.

Жогорудагылардан улам, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди. Эскертүүлөр аткарылбаса Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуу боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт.