icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Облустагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөртдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Ош облусуна болгон иш сапарында, облустагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.

Директор, жыйында курулуш агенттигинин алдында аткара турчу көптөгөн жоопту тапшырмалар бар экендигине басым жасап, тиешелүү тапшырмаларды берди. Республикалык деңгээлдеги чоң долбоорлордун ишке ашуусуна өз убагында аракеттенип, кечиктирилгис жумуш алып баруу. Мамлекеттик маанидеги жолдордун боюндагы курулуштардын ирээттүүлүгүнө катуу көңүл буруу.

Жер мунапысы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде кемчиликтерге жол бербөө жана такталган жер тилкелердин иш кагаздарын ыкчам түрдө даярдоо. Айыл аймактардын башкы пландарын даярдатуу үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып баруу. Көрнөк-жарнактардын жазылышына дыкат көңүл буруу жана ирээтке келтирүү.

Ар бир башкармалык, топографиялык чиймелерди даярдоочу заманбап аппараттар менен толук камсыз болуусу. Ишкерлердин суроо талаптарына өз убагында көмөк көрсөтүп, тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү. Жыйынтыгында, кадрдык реформанын алкагында жаңы дайындалган жетекчилердин иштерине ийгилик каалап, өз милдеттерин жоопкерчилик менен так жана туура аткаруусун билдирди.