icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалал-Абад облусунда курулган мектептердин ачылыш аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров бүгүн республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун төмөндөгү мектептеринин салтанаттуу ачылыш аземине катышууда:

- Сузак районунун Чокмор айылындагы № 46 Барпы Алымкулов атындагы 275 орундуу мектеби. Мектеп 2018-жылы башталган, курулуш наркы 85,1 млн сом;

- Сузак районунун Үлгү айылындагы № 21 С.Эшматов атындагы 375 орундуу мектеби. Мектептин курулушу 2022-жылы башталган, курулуш наркы 100,4 млн сомду түзөт;

- Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Таран-Базар  айылындагы  К. Осмоналиев атындагы 225 орундуу  мектеби. Мектептин курулушу 2022-жылы башталган, курулуш наркы 57,8 млн сом;

- Жалал-Абад шаарынын Кыргызстан айылындагы №18 Манас-1000 атындагы 275 орундуу мектеби. Мектептин курулушу 2019-жылы башталган, курулуш наркы 82,3 млн сом.