icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш агенттиги тарабынан "ЖЕТИ ТҮС" ЖЧКсына айып пул салынды

Ош шаары боюнча мамлекттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн № 314-дарегинде “Жети Түс” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуштарына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында “Жети Түс” ЖЧКсы эч кандай архитектуралык уруксат иш кагаздарын албастан, өз билемдик менен курулуш иштерин баштагандыгы аныкталган. 

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуу” кодексинин 144 п1 беренесине ылайык, 200000 (эк жүз миң) сом административдик айып пул салынын, өз билемдик менен курулган курулуштарын өз эсебинен буздурууга Ош шаардык сотуна доо арыз берилген.