icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча 11 билим берүү объектисин ишке берди

Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча 11 билим берүү объектисин ишке берди

2024-жылдын 6-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясынын ачылыш аземи болду.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев мектептер боюнча баяндама берди.

Республикабызда жалпысынан 11 билим берүү объекттилер ишке берилип, анын 10 объектиси онлайн форматта ачылды.

1. Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусту.

2. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеби.

3. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеби.

4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеби.

5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеби.

6. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеби.

7. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеби.

8. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №7  120 орундуу бала бакчасы.

9. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №12  120 орундуу бала бакчасы.

10. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеби.

11. Ош облусунун Ош шаарындагы 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы.