icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун имаратында “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата машыгуу уюштурулду.

3-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 

имаратында “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата машыгуу уюштурулду. 

Коопсуздук иш-чарасы саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордун борборлорунда өткөрүлдү. Ага  республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалар катышты.

ӨКМден билдиришкендей, машыгуу өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт.