icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

В Джапалаке новый детский сад открыл свои двери для детей.

Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, имарат 2 кабаттан туруп, кубаттулугу 75 орунга ылайыкташтырылган.  

Долбоорго ылайык, жаңы бакчада  сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн атайын класстар, балдар үчун ыңгайлуу уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар бар. Ашкана, ага кошо жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу кампа, санитардык түйүндөр каралган. Мындан сырткары медициналык кабинет жана музыкалык сабактар бөлмөсү түзүлгөн. 

Бала бакчанын аймагында балдар үчүн атайын жабдуулары менен оюн аянтчалары курулду.