КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Жылдын башынан  544 лицензия жана 1465 квалификациялык сертификаттары берилди


Мамкурулуштун регулятивдик ишмердүүлүк  бөлүмү,  жылдын башынан  Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында иш алып баруу  үчун 544 лицензиясын тариздеген.

Ал эми жалпы санынын ичинен 537 лицензиялары   юридикалык жактарга жана 7 жеке ишкерлерге тапшырылым берилген.

Белгилей кетсек, жалпы бөлүмгө лицензия алууга  580 арыз түшкөн. Ал эми биринчи жолу 411 уюмдары  лицензиясын алышкан.

Ошондой эле, отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге  1465 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды таризделген. Анын ичинен 622 адистерге биринчи жолу берилип, ал эми сертификаттардын  мөөнөтүү  бүткөнүү менен байланыштуу  843 адис узартып алышкан.

Бардык иштин түрлөрү боюнча,  413 – долбоорчуларга, 45 – изилдөөчүлөргө, 392 – инжиниринг кызматы боюнча адистерге, 16 – курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге ошондой эле 599 куруу-монтаждоо иштери боюнча адистерге берилген.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg