2023-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары-Мамкурулуш) директору Мырзабек Жыпаркуловдун Кыргыз Республикасынын Архитекторлор кеңешинин башкармасынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш жана КР Архитекторлор кеңешинин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. М. Жапаркулов Архитекторлор кеңешинин шаар куруу саясатын калыптандырууда жана архитектуралык чөйрөнү өнүктүрүүдө өзгөчө маанисин баса белгиледи. Өз кезегинде Архитекторлор кеңешинин мүчөлөрү заманбап архитектуралык чечимдерди жайылтуу жана колдонуу жаатында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен кызматташтыкты күчөтүүнү, ошондой эле тараптардын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча кийинки кадамдар тууралуу макулдашышты.