КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Мамкурулуштун башчысынын Чүй облусундагы иш-сапары башталды


 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловдун Чүй облусундагы иш-сапары башталды.
Сапардын жүрүшүндө М.Жыпаркулов Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, Мамлекеттик курулуш агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерет.
Биринчи кезекте Мамкурулуштун башчысы инспекция менен Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгына келип, башкармалыктын иши менен таанышты.
Ошондой эле М. Жыпаркулов Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуп, жарандардын жер мунапысына байланыштуу суроолорун угуп, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жер мунапыс алкагында документтерди даярдоо процессин тездетүүнү тапшырды.
ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg