КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Мамкурулуш жана Политех өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту


 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети эки уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга биринчи жолу кол коюлгандыгы тууралуу кубануу менен жарыялайт. Меморандумга Мамкурулуштун директору М.Ж. Жыпаркулов жана КМТУнун М.К. Чыныбаев ректору 2023-жылдын 4-мартында кол коюшту.

Окуу жай менен Мамкурулуштун ортосундагы инженердик илимдер жана технологияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык тараптар курулушта жаңы технологияларды өнүктүрүп, студенттерди жана адистерди окутуп, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзө башташат.

Меморандумда ошондой эле семинарлар, конференциялар жана тренингдер сыяктуу биргелешкен иш-чараларды уюштуруу каралган. Бул иш-чаралар инженердик жана курулуш технологияларына байланыштуу ар кандай темаларды камтыйт.

Ошондой эле КМТУнун алдындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун базасында мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу максатында. эки күндүн ичинде жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча атайын курс өткөрүлдү.

Квалификацияны жогорулатуу жогорку деңгээлде өттү жана кызматкерлерди курулуш чөйрөсүндө контролдоонун заманбап ыкмаларына жана технологияларына окутууну камтыды. Мындан тышкары, кызматкерлер архитектура жана курулуш жаатында кошумча атайын тренингдер өткөрүлдү.

 

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg