КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Мамкурулуш Кара-Суу районунда Таш Арык айылын таза суу менен камсыздады


Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Таш Арык айылынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, 2021-2022-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен 13 млн. 595 мин сом акча каражаты сарпталып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан таза суу долбоору ишке ашырылды.

Тактап айтканда, айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 8,5 км жаңы суу түтүктөрү тартылып орнотулду. Андан тышкары айылга жаңы водозабор менен 200м3 2 даана суу резервуар курулуп тапшырылган. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында Мамкурулуш 3100 жаранды таза суу менен камсыздады.

Белгилей кетсек, айыл тургундары көптөгөн жылдардан бери арыктан жана каналдардан суу ичип пайдаланып келишкен. Бул кырдаал айылда сууга байланыштуу ар кандай жугуштуу оорулардын жайылышына алып келген жана айрыкча жаш балдардын арасында көп учураган.

Учурда көчөлөргө, короолоруна орнотулган колонкалардан суу чыгып, айыл жашоочулары коопсуз ичүүчү сууга ээ болушту.  

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg