Мамкурулуш Ош облусундагы мыйзамсыз курулушту аныктады
Ош облустук архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош облусундагы мыйзамсыз курулуш аныкталды. Ал Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курманжан-Датка көчөсү №603 дарегинде жайгашкан 14 (он төрт) кабаттуу турак жайдын курулушу. Маалыматка ылайык, курулуш объектиси «Аль-Шараф» ЖЧКга таандык.
Башкармалык курулушту мыйзамсыз деп таап, жерди өз калыбына келтирүү, курулушту бузуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган. «Аль-Шараф» ЖЧКсына карата эскертүүлөр берилгендигине карабастан турак-жай курулушу боюнча иштер улантылып, Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура» жөнүндө Мыйзамынын талаптарын одоно бузуп курулуш иштери улантылып жаткан.
2022-жылдын 30-июнундагы сот отурумунда доо арыз толугу менен канааттандырылып, курулуш мыйзамсыз деп табылып, «Аль-Шараф» ЖЧКсы курулушту өз эсебинен бузууга милдеттендирилген.
Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону өтүнөт.