04.10.2022 – ж. тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту (мындан ары-Мамкурулуш) Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган чек ара чегиндеги калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча иштерин баштаган.
Мамкурулуштун жумушчу тобу Баткен районунун Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууда. Азыркы учурда долбоорлонгон участокторго изилдөө жүргүзүлүп, иштин көлөмү аныкталды. Айыл округдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлдү. Белгилей кетүүчү нерсе, башкы пландарды иштеп чыгууда бардык компетенттүү пикирлер жана сунуштар эске алынууда.
Ошондой эле Достук жана Капчыгай айылдары боюнча шаар курууну жөнгө салуучу линиялардын кеңдиги, турак үйлөрдү, ошондой эле мектептерди жана биринчи зарылдыктагы башка социалдык объекттерди куруу үчүн жаңы аймактар аныкталды.