КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Улук жана кенже топторуна кадрлардын резервине киргизүүгѳ ачык конкурс


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлардын резервине киргизүүгѳ ачык конкурс ѳткѳрүү  жѳнүндѳ  жарыя кылат

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Билүүсү:

Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы;

 

Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексин;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

3) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

7) «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун»;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.28.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосун»;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосун».

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Билүүсү:

Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы;

 

Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексин;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

3) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

4) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

5) «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

6) «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

7) «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун»;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.28.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосун»;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосун».

 

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАРДЫК ТОПТОРУ ҮЧҮН ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР:

 

– Кыргыз Республикасынын жараны;

– 21 жаш куракка чыккан;

– Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

– Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык өнүмдөрдө (Word, Excel, «ТОКТОМ Мамлекет Про» маалыматтык-укуктук тутум) иштей билүүсү.

 

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОПТОРУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо багыты боюнча:

  1. Ош шаары, Чүй, Талас, Нарын облустарындагы башкы инспекторлор:

– жогорку билим: «Курулуш» профили боюнча, «Өнөр жай жана жарандык курулуш» адистиги.

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Билгичтиктери:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

– республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;

– техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;

– ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;

– милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

– башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү.

  1. Жөндөмү:

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптарды аткаруу;

– укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

– объекттерди өз алдынча курууну жана пайдаланууну токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.

 

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОПТОРУНА КАРАТА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо багыты боюнча:

  1. Чүй, Ош, Талас, Баткен облустарындагы улук инспекторлор жана борбордук аппаратта, Ош шаарындагы, Нарын облусундагы инспекторлор:

– жогорку билим: «Курулуш» профили боюнча: «Өнөр жай жана жарандык курулуш», «Гидротехникалык курулуш», «Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын чыгаруу», «Транспорттук курулуш» профили боюнча: «Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорт тоннелдерин куруу жана эксплуатациялоо», «Автоунаа жолдору жана аэродромдор», «Архитектура» профили боюнча «Архитектура» адистиктери.

– иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  1. Билгичтиктери:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

– республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;

– техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;

– ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;

– милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

– башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү.

  1. Жөндөмү:

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптарды аткаруу;

– укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

– объекттерди өз алдынча курууну жана пайдаланууну токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.

 

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо багытында укуктук коштоо боюнча:

  1. Ош шаарындагы жетектөөчү адис-юрист:

– жогорку билим: «Юриспруденция» профили боюнча, «Юриспруденция/укук таануу» адистиги.

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Билгичтиктери:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

– республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүүдө укуктук коштоо;

– милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

  1. Жөндөмү:

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тадрыйбада колдонуу;

– бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптарды аткаруу;

– укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

– объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

 

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ:

1) конкурстук комиссиянын тѳрагасынын атына өзүнүн арызы;

2) резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

3) нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

4) нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

5) илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

6) паспорттун көчүрмөсү.

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ОРДУ жана УБАКТЫСЫ:

Документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28 дареги боюнча 4-кабат, 410/2 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен
2023-жылдын 10-майынан баштап 2023-жылдын 26-майын кошуп  
саат 9.00дѳн 17.00гѳ чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин)  кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0708980555 телефону боюнча (кадрлар боюнча жетектөөчү адисине) кайрылса болот.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт. 

 

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 31-29-00
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
Общий отдел: +996 (312) 31-29-24
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg