icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Противодействие коррупции

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 25-сентябры № 180 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө

Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган натыйжапуу антикоррупциялык механизмдерди колдонуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 13 “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга карты аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору жөнүндө” чечимине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Тиркелген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга карты аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары - Стратегия) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкметүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнеттүү мезгилдерге коррупцияга карты аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын (мындан ары - антикоррупциялык пландар) эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Стратегияны ишке ашыруу боюнча аракеттерди координациялоо жүктөлсүн.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеггик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жонүндө” Жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 14-майындагы № 102 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаранар жөнүндө” Жарлыгына езгөртүү киргизүү гууралу” Жарлыгы.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин катчылыгына жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Видео