2024-жылдын 20-январында Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Н.К. Орунтаев аталган башкармалыктын 2024-жылга коюлган пландары менен таанышып, кызматкерлер үчүн иш шарттарын жакшыртуу иштери мындан ары дагы уланаарын баса белгиледи.