Бүгүн, 1-февраль күнү КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында жайгашкан “Ш. Шеркулов” атындагы 275 орундуу мектептин ачылыш аземине катышты.
Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан тизмеге киргизилген. Мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Бул мектеп Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.