Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев Бишкек шаарынын тургундарын кабыл алды. Жарандарды кабыл алуунун алкагында кайрылгандардын бир нече маселелери каралып, жыйынтыгында Н.К. Орунтаев тиешелүү департаменттердин жана иш башкармалыктардын жетекчилерине каралган маселелерди мыйзам чегинде карап чыгууну жана чечип берүүнү тапшырды.