Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мамкурулуш агенттигинин кызматкерлерин административдик даттанууларды кароону окутуу боюнча кызматташуу макулдашылды. Окутуулар жарандардын жана юридикалык жактардын административдик даттанууларын кароо, Мамкурулуш агенттигинин жана анын башкармалыктарынын, аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча болуп өтөт.