Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Даркан айылында "Даркан сейил бакчасы" эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Аталган сейил бакча Даркан айылындагы Шарше Кадыракунов 1/1 көчөсүндө жайгашкан. Долбоордун болжолдуу сметасы 10млн сомду түзөт. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында курулуш иштери башталаары пландалууда.