КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте Түп айылын кыдырып мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди аныкташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, мыйзамдардын сакталышы жана жакшыртуу стандарттары боюнча Мамкурулушка караштуу башкармалыктарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана көрктөндүрүү боюнча сунуш тапшырмалар берилди.