2024-жылдын 27-март күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.
Акназаров Маратбек Акназарович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Акназаров Маратбек Акназарович көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.