КР Мамкурулуш агенттигинин 05.04.2024 жылдагы протоколдук тапшырмасынын негизинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 04.06.2024-жылы жарандардын маселеси жеринен каралды.
Казакбаева көчөсүнө 4 кабаттуу турак жайдын курулушу боюнча. Репина 219, Репина көчөсүнүн жашоочулары жана куруучу «Асман Констракшн» ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн катышуусунда. курулуш уюмунун өкүлдөрүнө эскертүү берип, коңшу жеке үйлөрдүн жашоочуларынын арыз-даттанууларын эске алуу менен бул курулуш боюнча чечим кабыл алынганга чейин курулушту токтотулду. Мамкурулуш тарабынан Репина 219 дарегинде жайгашкан турак жайдын уруксат кагаздары тийишүү департаменттер менен кайрадан текшерилери демилгеленди.