icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сейсмикалык жактан туруксуз деп табылган Учар айылындагы спорткомплекси буздурулууда

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылындагы спорткомплексинин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Объекттин наркы 49,5 млн сомду түзөт. Долбоор боюнча имарат 2-блоктон турат (негизги блок 42мх24м жана кошумча блок 12м х12м),  курулуш жумуштары “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулуш башталгандан бери объектиге 10,0 млн сом каржыланган. 2024-жылдын планы боюнча 5,0 млн сом каралган. Подряддык уюм тарабынан спорткомплекстин пайдубалы орнотулуп бүтүп, дубалдары тургузулууда.

Мамкурулуш тарабынан объекттин кошумча блогунун сейсмикалык туруктуулугун камсыздаган конструкцияларынын монолиттик түркүктөрүн курууда орун алган одоно кемчиликтердин кесепетинен бузуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан подряддык уюмга курулуш жумуштары боюнча жолдомолор жиберилип турган.


Строительство спорткомплекса в селе Учар Толойконского айылного аймака Кара-Сууйского района Ошской области начато в 2023 году за счет средств республиканского бюджета.

Стоимость объекта составляет 49,5 млн сомов. В соответствии с проектом объект состоит их 2-х блоков (основной блок 42*24м и 2-х этажная пристройка 12*12м). строительные работы ведутся ОсОО “Олимп и Ко”

С начала строительства на объект профинансировано 10,0 млн сомов, в соответствии с планом 2024 года предусмотрено 5,0 млн сомов. Подрядной организацией завершено устройство фундамента, велись работы по устройству кирпичных стен.

При строительстве пристройки были допущены грубые нарушения в части заливки монолитных колонн конструкции, которые обеспечивают надежность и сейсмоустойчивость здания, поэтому Госстроем проводятся работы по его частичному сносу.

Управлением капитального строительства по Ошской области в ходе строительства данного объекта направлялись замечания и предписания в адрес подрядной организации.