icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен облусундагы бир катар айылдардын башкы пландарынын эскиздик долбоору каралды

Баткен облусундагы бир катар айылдардын башкы пландарынын эскиздик долбоору каралды


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан Баткен облусундагы жана Баткен районундагы бир катар айыл аймактардын башкы пландарынын эскизи каралды.


Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Рустамов Нуржигит Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери менен биргеликте тийиштүү өкүлдөр менен жолугушуу өткөрүп, төмөнкү айыл аймактардын башкы пландарын талкууга койду. 


Алар:

 Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өмөтүнүн Ак-Өтөк айылы; 

 Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Кара-Токой, Апкан айылдары;

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек, Паскы-Арык, Миң-Өрүк айылдары;

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылы.