Баткен облусунда жарандык коргонуунун абалын баалоо боюнча иш-чара жүргүзүлдү
КР Мамкурулуш aгенттигинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында иш-кагаздар так даярдалган.
Бул боюнча Баткен облусунда жүргүзүлгөн жарандык коргонуунун абалын баалоо иш-чарасынын жүрүшүндө айтылды.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынан келген атайын комиссиясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары катышты.
Анда Жарандык коргонуу тутумунун ишмердүүлүгү дыкат текшерилип, Баткен Архитектурасынын иш-кагаздары так жана даяр экенилиги айтылды. Ал эми айрым кемчиликтер боюнча комиссиясынын тарабынан усулдук жардам көрсөтүлуп, кеңеш берилди.