icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга тиешелүү мыйзамсыз салынган курулуштар буздурулууда

2024-жылдын 28-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда. 

КР Президентинин  Ысык-Көл облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүдө Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмаларынын ээлери жана ижарачылары менен Нурдан Орунтаев түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда.

Мамкурулуш тарабынан көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу боюнча иштер уланат.