icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

С.Э. Джантелиев Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республиасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары С.Джантелиев баштаган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 56,0 млн АКШ долларын, анын ичинен 31,0 млн АКШ доллары граттык, 25,0 млн АКШ доллары насыялык түрдө акча каражатын тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын протколуна кол койуу аземи өттү. Азия өнүктүрүү банкынын шарттарына ылайык насыялык акча каражаты 32 жылга, анын ичинен 8 жылдык женилдетилген мөөнөтү менен берилет.

Бул акча каражатына Чолпон-Ата шаарында сыйымдуулугу суткасына 14,2 мин куб саркынды сууларын кабыл ала турган саркынды сууларды тазалоочу курулмасы, 18 канализациялык насостук станциялары, 45,4 км., канализациялык коллекторлору, 108,8 км ички кварталдык канализация түтүктөрү курулат (Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарында 62,7 км., Кара-Ой айылында 20,0 км., жана Чолпон-Ата шаарында 26,1 км). Ошону менен бирге, аталган калктуу конуштарда жайгашкан баардык пансионаттар, санаторийлер, курорттор жана конок үйлөрү борборлоштурулган канализациялык тармагына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында тарыхий музей, туристик маалымат борборлору, көлдү бойлоп өтүчүү 11 км жөө жана веложолдору курулат, үч эс алуучу паркы, атайылаштырылган авто унаа токтотуучу жайлары курулат жана Чолпон-Ата шаарынын түндүк тарабындагы саймалуу таштар жайгашкан жер аянтында бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган инфратүзүм түзүлөт.

Бүгүнкү күнгө саркынды сууларды тазалоочу курулмасынын, эки негизги канализациялык насостук станцияларынын, канализациялык коллекторлорунун долборлоо-сметалык документтери жана алардын тендердик документтери даярдалып бүтүп, Азия өнүктүрүү банкынын кароосуна жөнөтүлдү.

Азыркы учурда туризм объекттери боюнча жана тарыхий музейдин долборлоо-сметалык документтерин даярдоо маселеси аяктоонун алдында турат.