icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Достук" өткөрмө бекетинде коомдук жайларды иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрүнүн чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинин Кыргызстан тарабындагы элди тейлөөчү коомдук жайларды ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын башчысы  Б.Жетигенов чек арадагы өткөрмө бекеттин абалы менен жеринде таанышып, ал жердеги бир топ көйгөйлүү маселер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

Берилген тапшырмалардын алкагында, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы элге кызмат көрсөткөн жайларды бир типтүү көрүнүшкө алып келүү үчүн ар бир объект ээлерине жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана аткарылышын дыкат көзөмөлгө алган.

Эскерте кетсек, аталган өткөрмө бекет аймактарды ийрилештирүү иш аракетинин алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.