icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташтыгы жигердүү жүрүүдө

2024-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы курулуш иши жаатындагы эл аралык кызматташтыкты активдештирүү боюнча иштин алкагында директордун орун басары Б.К. Станбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамкурулуш) делегациясы Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине (мындан ары-курулуш министрлиги) барды. Курулуш министрлиги Өзбекстан Республикасынын курулуш тармагын натыйжалуу башкаруу үчүн колдонулуп жаткан электрондук тутумдарды көрсөттү. Алсак, Мамкурулуштун өкүлдөрү, облустагы маалыматтык системалардын иштеши менен таанышышты: 

- архитектуралык-курулуштук контролдоо;

- долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо;

- архитектуралык-шаар куруу ишинде кызмат көрсөтүү;

- курулуш тармагындагы ишканаларды жана уюмдарды лицензиялоо; 

- курулуш - монтаждоо иштерин жүргүзүүгө подрядчиктерди электрондук тандоо.

Станбеков Б.К. Өзбекстан Республикасынын Курулуш министрлигинин электрондук башкаруу механизмдеринин интеграциясынын жогорку деңгээли жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагында айрым программаларды пайдаланууга Мамкурулуштун кызыкчылыгы жөнүндө белгиледи.