icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалгыз-Өрүк айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жети-Өгүз  районунун  шаар  куруу  жана  архитектура  боюнча  башкармалыгы  тарабынан Кызыл-Суу  айыл  аймагына  караштуу  Жалгыз-Өрүк  айылына  225  орундуу  мектептин  эскиздик долбоору иштелип чыгып, 2023-жылы  курулуш иштери башталган.  Азыркы  учурда  ички  жана  сырткы  жасалгалары  жасалып  жатат.  2024-жылдын  окуу  жылына  карата  ишке  берилери пландалууда.