icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш тарабынан Бишкек-Ош унаажолунун асфальт төшөө иштери көзөмөлгө алынды

2024-жылдын 26-апрелинде Чүй ОИИБнин мамлекеттик инспекторунун, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспектору Ташпаев Алмаз Аскеровичтин, «Temelsu», фирмасынын консультанттары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин АӨБ Мамлекеттик илим-изилдөө институтунун инженерлеринин жана подрядчы "Кыргыз Республикасындагы №5 Кытай темир жол инженердик тобу" уюмунун катышуусунда Бишкек-Ош автожолунун 4-фазасы, Бишкек-Кара-Балта участогунун ЦАРЭСтин 3 коридорундагы автожолунун 36+024 чакырымынан 36+490 чакырымга чейинки 2024-жылдын 23-апрелинде жолдун бети төшөлгөн  аймакты текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргыз Республикасындагы №5 Кытай темир жол инжиниринг тобу» ФККО подряддык уюмуна жолдун сапатына аныкталган сын-пикирлерди жана кемчиликтерди четтетүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү үчүн 217 чакырым жолду демонтаждоо кылуу үчүн эскертме берилди. Бул боюнча учурда Кыргыз Республикасындагы №5 Кытай темир жол инженердик тобу" уюмуна Кыргыз Республикасынын “Укук Бузуулар Кодексинин”  146-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылды.