icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош облусутук капиталдык курулуш башкармалыгы  тарабынан Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Кара-Кокту айылында жайгашкан 150 орундуу мектебинин курулушу башталды. 

 Объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен каражат бөлүнгөн. Курулуштун наркы  75 058,891 миң сомду түзөт.                              

2024-жылдын иш планына 5 000,0 миң сом каралып, толук каржылоо ачылган.

Пландык долбоордо объектинин жалпы аянты 1281,8 чарчы метрди түзүп, окуу имараты 2 кабаттан турат. Жуунучу жана чечинүүчү жайы менен спортзал да каралган.