icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көлдүн жээгинен 100 метр аралыкта жайгашкан мыйзамсыз кафе буздурулууда

Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан бузууга берилген Билдирүүнүн негизинде бузуу иштери жүрүүдө. 

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №115 “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө”  мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы №445 “Ысык-Көл облусунун  аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна  өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-ж. 21-ноябрындагы №652-токтомуна ылайык,  Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Кара-Ой айылындагы Фонтан эс алуу жайында көл жээгинен 100 метр аралыкта жайгашкан жыгачтан салынган кафе мыйзамсыз деп аныкталып, бузууга берилген.  Билдирүүнүн негизинде өз ыктыярлары менен бузуу иштерин жүргүзүшүүдө.