icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Б.К. Станбеков Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын потенциалы жөнүндө баяндама жасады

2024 – жылдын 16-майында Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Казань шаарында өтүп жаткан “Россия-Ислам дүйнөсү” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.К. Станбеков Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын потенциалы жөнүндө баяндама жасады. Ал жүргүзүлүп жаткан реформалардын маселелерин козгоп, ошондой эле өлкө аймагында ишке ашырылып жаткан бир катар инвестициялык – курулуш долбоорлорун белгиледи. Ошондой эле, Мамкурулуштун Курулуш башкармалыгынын начальниги М.А. Амираев менен биргеликте курулуш индустриясынын көргөзмөсүнө катышты.

Бул Эл аралык форумда ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн (Россия, Сауд Аравиясы, Индия, Англия, Түркия, Мордовия, Татарстан, Өзбекстан ж.б.) ири девелоперлери курулуш тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүштү.