icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан менен Татарстандын курулуш тармагын бекемдөө максатында меморандумга кол коюлду

2024-жылы 17-майында бир тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, анын атынан директорунун орун басары Станбеков Бактыяр Карыпбекович жана экинчи тараптан Татарстан Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык министрлиги, анын атынан министрдин биринчи орун басары Фролов Алексей Михайловичтин ортосунда макулдашууга (Меморандум) кол коюлду.

Бул маанилүү документ курулуш тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Татарстан Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат