icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз курулган объекттерди бузуу иштери кызуу уланууда

Ысык-Көл облусунда жайгашкан бир катар мыйзамсыз объекттер Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан берилген билдирменин негизинде ыктыярдуу түрдө ээлери тарабынан буздурулууда.

Алсак:

1. Бостери айылынын “Илбирс” пансионатындагы кайык токтоочу жайы;2.  Кара-Ой айылынын “ОАЗИС” эс алуу жайындагы көл жээгинен 100 метрлик аралыктагы “Franklin” ашканасы;

3.  Сары-Ой айылындагы “Азия Палас” пансионатындагы пирстин үстүнө салынган мончо;

4. Кара-Ой айылындагы “Фонтан” эс алуу жайында көл жээгинен 100 метр аралыкта жайгашкан жыгачтан салынган тамактануучу жай;5.  Кара-Ой айылындагы “Академия Наук” пансионатындагы 2 бөлмөлүү жыгачтан салынган коттедж;

6.  Бостери айылындагы “Ысык-Көл Каганаты” (Шанхай) пансионатындагы 100 метрлик аралыктагы конок үйлөрү;

7. Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын  шаардык пляждык зонасындагы соода түйүндөрү; 

8. “Университет” пансионатынын пирст демонтаждалып, көл жээгинен алынууда.