icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Кочкор районундагы социалдык объекттердин абалын текшерди

2024-жылыдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы социялдык объекттердин курулуш сапатын текшерди.

Иш сапардын жүрүшүндө Кочкор райондук мамлекеттик  администрациясынын жетекчиси аким -  Камил Чоткараев менен райондун борбордук көчөлөрүндө жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн алкагында Нурдан Орунтаев Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов жана  Кочкор райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Асанов Алишерге райондогу курулуштардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерип, ошондой эле сырткы көрнөк-жарнамаларды иретке келтирүү тапшырмасын берди.