icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарында 13 өз билемдик менен курулган объекттер буздурулат

Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн № 314-дарегинде,  13 (он үч) өз билемдик менен курулган ар кандай багыттагы курулуштарды аныктап, Ош шаардык сотуна мыйзамсыз курулган курулуштарды мажбур иретинде буздуруу менен жер участогун мурдагы абалга келтирүүнү милдеттендирүү жөнүндө доо арыз берген. 

Ош шаардык соту, 2024-жылдын 21-майында доо арыздын канаатандырып, жогорудагы аталган курулуштарды өз эсебинен мажбур иретинде буздурууга чечим чыгарды.