2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин Эсептик-курулуш бөлүмүнүн эксперттери курулуш объектилерин долбоорлорун экспертизалоодо, заманбап BIM технологиясын таанышуу жана өздөштүрүү максатында, Эл аралык таанымал “Tekla Structures” долбоорлоо программасынын өкүлдөрү уюштурган презентация - вебинарына катышышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Айта кетсек, BIM технологиясы - бул имараттын информациялык модели (Building information modeling) болуп эсептелет, жана дүйнө жүзүнүн алдыңкы өнүккөн мамлекттеринде имараттарды долбоорлоодо кеңири колдонулуп келе жатат.