icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын облусунда бир катар объекттерде инженердик текшерүүлөр жүрдү

Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Нарын облусундагы социалдык объектилерди реконструкциялоо жана эксплуатациялоо үчүн изилдөө иштерин жүргүздү.

Нарын облусунун Кара-Саз айылындагы административдик имараттын, Кок-Жар жана Кара-Чий айылындарындагы мектептердин  курулуш конструкцияларынын учурдагы абалы адистер тарабынан текшерилип, тиешелүү техникалык корутундулары берилди.